Instruction for Use

• 4
KGZ
Орнотуу жана ишке түшүрүү
Жайлаштыруу жана тармакка улоо
Бул колдонмону сактап коюңуз. Буюмду сатканда, бирөөгө
пайдаланууга бергенде же жаңы квартирага көчкөндө анын
ээси андан пайдалануу жана ага кызмат көрсөтүү эрежелери
менен таанышышы үчүн колдонмо муздаткыч менен чогуу
сакталууга тийиш.
! Колдонмону көңүл коюп окуп чыгыңыз: анда
муздаткычыңызды орнотуу жана андан кантип коопсуз пайда-
лануу боюнча керектүү маалыматтар бар.
Муздаткыч натыйжалуу жана ишеничтүү иштеши үчүн аны
туура орнотуу зарыл.
Желдетүү
Муздаткычтын компрессору менен конденсатору иш учурунда
кызыйт, андыктан жетиштүү деңгээлдеги кошумча желдетүүнү
камсыздоо зарыл. Муздаткычыңыз нормалдуу нымдуулукка
ээ болгон жана жакшы желдетиле турган бөлмөдө
орнотулууга тийиш. Муздаткычты жогору нымдуулукка ээ
болгон бөлмөдө, мисалы, ваннакана, жертөлөдө орнотууга
тыюу салынат.
Орнотуп жатканда аба эркин айланышы үчүн прибордун
жактарынан минималдуу аралык (3–5 см), үстү жагынан 10
см калтырыңыз. Прибордун арт жагында абанын жолун тосуп
койбоңуз.
Жылуулук булагына жакын орнотпоңуз
Муздаткычты жылуулук булагына (ашкана плиталары, ду-
ховкалар, каминдер) жакын жерге, же болбосо күндүн нуру
түздөн-түз түшүп турган жерге
орнотууга болбойт.
Түздөө
Мыкты иштеши үчүн муздаткыч тегиз жерге орнотулган
болууга тийиш. Муздаткыч керектүү жерге орнотулгандан
кийин анын абалын алды жагындагы түздөөчү таянычтарды
айландыруу аркылуу тегиздеңиз. Муздаткычтын арт жакка
болгон жантыктыгытен ашпоого тийиш.
Электр тармагына улоо
Муздаткыч 1 класс электр тогунан жабыркоодон коргоо
деңгээлинде жаратылган жана электр тармагына токту жерге
кийирүүчү зым менен камсыздалган эки уюлдуу розетка
жардамында уланат.
Электр тармагына улануудан мурда көңүл буруңуз:
- электр чыңалуу буюмдун муздаткыч бөлүгүнүн эшик жактан
оң жагына орнотулган табличкада көрсөтүлгөнгө, башкача
айтканда ~220-240В ко туура келеби;
- электр розетканын токту жерге кийирүүчү контакты электр
тармактын камсыздоочу кабелинин токту жерге кийирүүчү
зымына түздөн-түз уланганбы (туташтыруучу зым 10 А ден
көп болбогон токко болжолдонгон болууга тийиш);
розетка менен вилка бирдейби; эгерде вилка розеткага туура
келбесе, анда розетканы камсыздоочу шнурдун вилкасына
туура келген түрүнө алмаштыруу керек (ишти тажрыйбалуу
электрик аткарууга тийиш);
Муздаткыч Сиз дайыма розеткага жете алгандай кылып
орнотулууга тийиш; Ушул колдонмодо баяндалган өңдүү чоң
кубаттуулукка ээ үй-тиричилик приборлорунун коопсуздук
талаптары бузулган түрдө электр тармакка уланган муздаткыч
салыштырмалуу кооптуу саналат.
Эки зымдуу электр тармагынаа тикеден-тике улануучу муздат-
кыч төмөнкүдөй параметрдик маанилерге
ээ болгон коргоочу өчүрүүчү курулма (КӨК) аркылуу эксплу-
атация кылынат:
номинал чыңалуунун диапазону – 220 дан 240В/50 Гц, ишке
Буюмду ишке түшүрүү
КӨҢҮЛ БУРУҢУЗ!
Муздаткыч орнотулгандан кийин электр тармагына улоодон
мурда болжол
менен үч саат күтүү керек, бул мезгилдин ичин-
де унаада ташып алып келинген муздаткычтагы хладагент кор-
пус боюнча бирдей таралат, – бул муздаткыч мыкты иштеши
үчүн абдан зарыл.
Муздаткычты ишке түшүрүүдөн мурда муздаткыч жана төмөн
температуралуу бөлүмдөрдүн ички беттерин ичилүүчү со-
данын эритмеси менен жууш керек.
Терморегулятордун кулагын ортоңку абалга орнотуңуз, бир
нече сааттан кийин муздаткычка продуктуларды койсоңуз
болот.
Компрессор менен текче арткы дубалынын ортосуна ТАШУУ
МЕЗГИЛИНДЕ КОЮЛГАН ТАКТАЙЛАРДЫ, ошондой эле
прибордун козголгуч бөлүктөрүн жылуудан кармап туруу үчүн
коюлган башка жыгач жана желим тасмаларды алып салыңыз.
Эгерде приборго коргоочу полимердик плёнка чапталган бол-
со, анда буюм тетиктеринин полимердик каптоосу менен анын
лак-боёкторуна зыян
жетпегендей кылып аларды акырындык менен
сыйрып алыңыз.
Муздаткыч бөлүмдөн оптималдуу
пайдалануу
Муздаткыч бөлүмдөгү температура терморегулятордун кулагы
менен орнотулган абалга ылайык түрдө автоматтык түрдө
жөнгө салынып турат.
Биз терморегуляторду ортоңку абалга орнотууну сунуш
кылабыз.
Продуктуларды сактоонун эң жакшы шарттарын камсыз кы-
луу максатында төмөнкү сунуштарга баш ийиңиз: туура эмес
сактаганда эң жаңы продуктулар да бат айныйт.
Жалпы кабыл алынган эрежелерге каршы болсо да, эсиңизде
болсун, даярдалган продуктуларды жаңыларына караганда аз
убакыт сактоо керек.
Муздаткыч бөлүм бийиктиги атайын багыттоочулар жарда-
мында жөнгө салына турган ыңгайлуу текче менен жабдылган,
бул ири кутуларды жана узун бөтөлкөлөрдү жайлаштыруу
мүмкүнчүлүгүн берет.
Муздаткычтын ичине капкагы жабылбаган идиштеги суюктук-
тарды коюуга болбойтбул муздаткыч бөлүмдөгү нымдуулук-
тун жогорулап кетишине өбөлгө түзөт.
түшүү босогосу – 30 мА, ишке түшүүнүн номинал мезгили
0,1 с.
Эгерде көрсөтүлгөн нормаларга баш ийбеген түрдө кишинин
ден соолугуна жана буюмга зыян жетсе, өндүрүүчү жоопкер-
чиликти мойнуна албайт.