Instruction for Use

14
Эгерде сиз туура эмес идишти колдонсоңуз, туура эмес коюлса же болбосо
индукциялык конфоркага өлчөмү туура келбеген идиш колдонулса, анда "идиш жок"
деген билдирүү дисплейде пайда болот (Солдогу сүрөттү караңыз). Эгерде 60 секунданын
ичинде идиш аныкталбаса конфорка өчүп калат.
5 кВт зонаны активациялоо учурундаеткиликтүү болсо), ошол зонага жок дегенде бир
мүнөт мурда туура өлчөмүндөгү идишти башка бышыруу зонаны күйгүзөрдүн астында
койгула. Андай кылынбаса кыска убакыттын ичинде конфорка өчүп калат, жана ар бир зонаны
кайрадан күйгүзүгө туура келет. Эгерде идиш аякты 5 кВт тык зонадан алынып салынса жана
ошол эле убакытта башка бышыруу зонасы күйгүзүлсө конфорка өчүп калышы мүмкүн.
0. Кубаттуулук деңгээлин өзгөртүүгө манжаңызды туурасынан слайдер сенсор экрандан
жылдыргыла: Тегеректин ичиндеги сан өзгөрөт ал үчүн манжаны 1ден максимум 9га чейин
жылдырыш керек. Күчөтүү функциясын "BOOST"нү слайдер сенсор экрандан басып
активацияласа болот (дисплейде “P” деген тамга). "BOOST" кубаттуулук жөндөөсүн 10 мүнөткө
чейин колдонсо болот, андан кийин шайман автоматтык түрдөу деңгээлге өзү өтөт. Эгерде
бирден көп бышыруу зонасы күйүп турса, сладер сенсор экран тандалган зонанын кубаттуулугун
өзгөртүүгө мүмкүнчүлүк берет, ал кубаттуулук көрсөткүчтүн астынкы оң жагындагы жарык чекит
менен аны билдирет. Зонаны тандоого, жөн эле тиешелүү тоголок баскычын баскыла.
Бышыруу зоналарды деактивациялоо
Тиешелүү тоголок баскычын басып өчүрүлө турган бышыруу зонаны тандагыла (кубаттуулук деңгээлдин
көрсөткүчтүн астынкы оң жагында чекит күйөт). ӨЧҮРҮҮнү слайдер сенсор экранда баскыла.
Тамак-аш даярдоо зонасы өчөт жана эгерде ал зона дагы эле ысык болсо “H” деген
тамга тоголоктун ичинде пайда болот.
H бул калдык ысыктык индикатору. Конфорканын ар бышыруу зонасында калдык ысыктыкты
билдирген индикатору бар. Бул индикаторлор тамаш-аш даярдоо зоналар дагы эле ысык экенин
колдонуучуга эскертет. Тиешелүү бышыруу зонасы муздаганда, көрсөткүч өчүп калат.
Таймерди коюу
Таймерди максималдуу бышыруу убакытын 90 мүнөткө койсо болот.
Таймер менен колдоно турган бышыруу зонасын тандагыла (жарык чекит дисплейдин
кубаттуулук деңгээлин көрсөткүчүндө астынкы оң жагында пайда болот), андан кийин +
жана - таймер функциясынын баскычтарын колдонуп керектүү убакытты койгула: Убакыт
мүнөт менен бышыруу зонасынын дисплейнде көрсөтүлөт.
Акыркы басуудан кийин бир нече секундадан кийин, таймер тескер эсептөөнү баштайт
(бышыруу зонасын тандоо чекити өчүп күйүп баштайт).
Белгиленген убакыт өткөндөн кийин үн сигнал берилет жана тамак-аш даярдоо зонасы
автоматтык түрдө өчөт.
SENSOR функцияга тиешелүү таймер жөнүндө маалыматты алуу боюнча эмки
барактардагы берилген функциянын сүрөттөлүшүн карагыла.
Башкаруу панелдин кулпусу
Бул фукнция конфорканын башкаруусун кулпулайт анын кокус активацияланганын алдын
алат (мисалы, тазалоо убагында).
баскычты басып 3 секундага кармап тургула: Үн белгиси угулат жана функция күйгүзүлгөнүн
билдирген көрсөткүч жарыгы кулпу белгинин устүндө күйөт. ӨЧҮРҮҮ функциясынан башка башкаруу
панели кулпуланат. Башкарууну кулпудан чыгырууга активациялоо процедурасын кайталагыла. Чекит
өчөт жана конфорка кайрадан ишке киргизилет.
МААНИЛҮҮ: Идиштен төгүлгөн суу, суюктук же болбосо кандайдыр бир нерсе белгинин
астындагы баскычтын үстүндө кокустан башкаруу панелдин кулпусун активация же болбосо
деактивация кылышы мүмкүн.
Тынытуу
Бул функция убактылуу мурда коюлган жөндөөлөрдү сактап бышыруунуу токтотуп жана аны
кайра баштоого мүмкүнчүлүк берет (SENSOR функциясынан жана таймер жөндөөлөрдөн
тышкары). баскычын басыңыз: дисплейде өчүп күйүп турат кубаттуулук жөндөөлөрдүн
ордуна. Бышырууну кайра баштоого баскычын кайра баскыла.
i
Колдонуу нускамалары