Use and care guide

20
ЖАҢЫ АЗЫКТАРДЫ ТОҢДУРУУГА ЖАНА
САКТООГО ПАЙДАЛУУ КЕҢЕШТЕР
Биз, бардык тоңдурулган азыктарыңызга белги
коюп, сакталган күнүн жазууңузду сунуштайбыз.
Азыктарга белги коюу, азыктарды аныктооңузга жана
аларды сапаты начарлаганга чейин кайсыл убакта
колдонуу керек экендигин билүүңүзгө жардам берет.
Ээритилген азыкты кайра тоңдурууга болбойт.
Тоңдуруудан мурун, жаңы азыкты ороңуз жана оозун
төмөнкүлөр менен бекитиңиз: алюминий фольга,
жабышкак тасма, жел жана суу кирбеген целлофан
баштыктар, капкагы бар полиэтилен контейнерлери
же жаңы азыктарды тоңдурууга ылайыктуу
тоңдургуч контейнерлери.
Жогорку сапатта тоңдуруу үчүн, азык жаңы, бышкан
жана эң жакшы сапатта болушу керек.
Жаңы жашылча-жемиштер баштапкы азыктык
баалуулугун, туруктуулугун, түсүн жана даамын
толугу менен сактоо үчүн, терилип бүтөөрү менен
тоңдурулушу сунушталат. Айрым эттерди, өзгөчө
атылган канаттулардын эттерин тоңдуруудан мурун
илип коюу керек.
Ысык тамакты, муздаткычка коюудан мурун,
муздатыңыз.
Толугу менен же бөлүгү менен эритилген
азыктарды ошол заматта жеш керек.
Азыкты эриткенден кийин, бышырмайынча,
кайталап тоңдурбаңыз. Бышырылгандан кийин гана,
эритилген азыкты тоңдурса болот.
Суюктугу бар бөтөлкөлөрдү тоңдурбаңыз.
Тез Муздатуу функциясын муздатуу процессин
тездетүү үчүн колдонуңуз үндөлүк колдонмо
нускамаларын караңыз).
Тез тоңдуруу функциясын, муздатуу же тоңдуруу
тартибин тездетүү үчүн колдонуңуз үндөлүк
колдонмо нускамасын караңыз).
ТОҢДУРУЛГАН АЗЫКТАР: САТЫП АЛУУ
КЕҢЕШТЕРИ
Тоңдурулган азыктарды сатып алып жатканда:
Таңгагынын бузулбаганын ырастаңыз узулган
таңгактагы тоңдурулган азык, бузулган болушу
мүмкүн). Эгерде таңгак көөп кетсе же анын
эриген жерлери болсо, балким ал оптималдуу
температурада сакталган эмес, жана эрүү процесси
эчак башталган.
Сатып алып жатканда, тоңдурулган азыктарды
эң аягында алыңыз, жана аларды атайын
термоизоляцияланган муздатуу баштыгында
ташыңыз.
Үйгө жеткенде, тоңдурулган азыктарды дароо
тоңдургучка салыңыз.
Эгер тамак аш, бөлүгү менен эритилсе, аны кайра
тоңдурбаңыз. 24 саатын ичинде аны керектеңиз.
Температура өзгөрүүлөрүнүн алдын алыңыз же
минимумга чейин азайтыңыз. Таңгакта берилген
«чейин жарактуу» мөөнөтүн сактаңыз.
Ар дайым таңгактагы сактоо маалыматына көңүл
буруңуз.
ТОҢДУРГУЧ БӨЛҮМҮ
Тоңдургуч бул тоңдурулган азыктарды сактоого,
муз бөлүкчөлөрүн жасоого жана жаңы тамакты
тоңдургуч бөлүкчөсүндө тоңдуруу үчүн идеалдуу
орун.
24 сааттык мөөнөттүн ичинде тоңдурууга мүмкүн
болгон жаңы азыктардын килограммынын
максималдык саны техникалык маалыматтар
тактасында көрсөтүлгөн (...кг/24с.).
Эгерде тоңдургучка сала турган азыгыңыздын
көлөмү өтө аз болсо, биз тоңдургуч бөлүмүңүздүн
эң муздак аймакты колдонууңузду сунуштайбыз, ал,
жогорку аймакка шайкеш.