Instruction for Use

19
Бышыруу жадыбалын кантип окуш керек
Жадыбалда бир эле учурда бир же андан көп текчеде бышырса болгон кандай болбосун
тамак үчүн эң мыкты функция көрсөтүлгөн. Бышыруу убактылары тамак нан жапкычтын
ичине коюлган убакта башталат, алдын ала ысытуу (талап кылынса) кошулбайт. Бышыруу
температуралары жана убактылары жетек үчүн гана берилген жана тамактын өлчөмүнө
жана колдонулган аксессуардын тибине көз каранды. Башында сунушталган сандардын
эң кичинеси менен баштап, тамак жакшы бышпай калса, чоңураак сандарга жылыңыз.
Берилген аксессуарларды колдонуңуз, металл нан калыптарынын жана нан жапкыч
табактарынын күңүрт өңдүүлөрү жакшыраак. Пирекс же таштан жасалган көмөчтөрдү жана
аксессуарларды колдонсоңуз да болот, бирок аларда тамак узагыраак бышарын эске алыңыз.
Мыкты натыйжаларга жетишиш үчүн кайсы аксессуарды кайсы текчеге койгон оң экени
боюнча бышыруу жадыбалындагы кеңештерди кылдат аткарыңыз.
Бир эле убакта түрдүү тамактарды бышыруу
“КҮЧКӨ САЛЫНГАН АБА” функциясын колдонсоңуз, ар башка текчелерде бир эле убакта
ар кандай бышыруу температураларын талап кылган түрдүү тамактарды (мисалы, балык
жана жашылчалар) түрдүү тамактарды бышырсаңыз болот. Батыраак бышкан тамактарды
чыгарып алып, узагыраак бышыруу убактысын талап кылган тамактарды нан жапкычтын
ичинде калтырыңыз.
Десерттер
- Кадимки функция менен бир гана текчеде кылдат десерттерди бышырыңыз. Күңүрт
өңдүү металл нан калыптарын колдонуп, аларды берилген зым текчеге жайгаштырыңыз.
Бирден көп текчеде бышырыш үчүн күчкө салынган аба функциясын тандап, ысык
абанын оптималдуу айланышына жардам катары текчедеги нан калыптарын каршы-терши
жайгаштырыңыз.
- Көөп чыккан нан быштыбы деп текшериш үчүн ортосун жыгач тиш чукугуч менен сайып
көрүңүз. Тиш чукугучка эч нерсе жабышпаса, нан даяр дей бериңиз.
- Жабышпаган нан калыптарын колдонсоңуз, анын четтерин майлабаңыз, себеби четтеринде
нан тегиз көппөй калышы мүмкүн.
- Бышырып жатканда нан "чөгүп" кетсе, андан кийинкисинде кичирээк температурага
коюңуз, мүмкүн камырга суюктукту азыраак кошуп, акырыныраак жууруш керек.
- Ичинде нымдуу толтурмалары бар таттууларды (чизкейк же мөмө кошулган нандарды)
бышырганда “КАДИМКИ ЖААП БЫШЫРУУ” функциясын тандаңыз. Нандын негизи
суюгураак болуп калса, текчени ылдыйлатып, толтурма кошордон мурун нандын түп
жагына кургак нан күкүмдөрүнөн чачып коюңуз.
Эт
- Бышырыла турган эт кесиминин өлчөмүнө туура келген кандай болбосун нан жапкыч
табагын же пирекс идиш колдонуңуз. Чоң устукандар үчүн идиштин түбүнө бир аз
майдасын салып, бышып жатканда даам-жыты сиңиш үчүн тешкилеп койгон оң. Устукан
даяр болгондо, аны нан жапкычка дагы 10-15 мүнөткө дымдап же алюминий фольгасына
ороп коюңуз.
- Этти торго бышыргыңыз келгенде, бүт жерлери бирдей бышышы үчүн тегиз, бүт жери
бирдей калыңдыкта болгон кесимдерди алыңыз. Өтө калың эт кесимдери көбүрөөк
убакытта бышат. Эттин тыш жагы күйүп кетпеши үчүн зым текченин абалын ылдыйлатып,
тамакты тордон алысыраак кармаңыз. Эт бышып жатканда убактысынын экиден бири
өткөндө оодарыңыз.
Бышырып жатканда ширесин чогултканга тамчы тамчу табакты жарым литр суу менен так эт
коюлган тордун алдына койуу сунушталат. Зарыл болсо, суу кошуңуз.
Шиш (айрым моделдерде гана)
Бул аксессуарды эттин жана куш этинин чоң бөлүктөрүн бышырганга колдонуңуз. Тамакты
шиштин өзөкчөсүнө коюңуз, эгер тоок эти болсо зым менен байлап, өзөкчөнү нан жапкычтын
маңдайкы бетинде жайгашкан ордуна киргизерден мурда анын жакшы отурганын текшериңиз
жана тиешелүү таянычына коюңуз. Түтөп кетпеши үчүн жана бышып жатканда ширелери
агышы үчүн тамчы тамчу табакка жарым литр суу куюп биринчи деңгээлге койуу сунушталат.
Өзөкчөнүн пластик туткасы бар, бышырардан мурун аны алып салып, бышырып бүткөндөн
кийин тамакты нан жапкычтан чыгарып жатканда күйүп калбаш үчүн кайра тагыш керек.
Пицца
Пиццанын түбү кытырак болушу үчүн табактарды бир аз майлап алыңыз. Бышар
убактысынын экиден бири өткөндө үстүнө моццарелла сээп коюңуз.
Сунушталган колдонуу жана кеңештер