Health and safety

KY
КООПСУЗДУК НУСКАМАЛАР
ОКУУГА ЖАНА КѲҮЛ БУРУУГА
МААНИЛҮҮ
Шайманды колдонордон мурда бул
коопсуздук нускамаларын окуңуз. Аларды
келээрки керек болгонго чейин сактап
коюңуз.
Бардык убакытта сактоо үчүн бул
нускамалар менен шаймандын ѳзү маанилүү
коопсуздук эскертүүлѳрдү камсыз кылат.
Шайман туура эмес колдонгон же туура
эмес жѳнгѳ салынган болсо, ѳндүрүүчү
бул коопсуздук нускамаларын колдонуу
жѳндѳмсүздүгү боюнча жоопкерчиликти
четке кагат.
Өтө жаш балдар (0-3 жаштагы)
шаймандан алыс болушу зарыл. Жаш
балдар (3-8 жаштагы) кѳзѳмѳл астында
болбогон учурда, шаймандан алыс болушу
керек. 8 жаштагы жана бул жаштан
ѳйдѳ балдар жана физикалык, сезгич
же акыл жѳндѳмдүүлүгү чектелген же
тажрыйбасы жана билими жетишпеген
адамдар бул шайманды кѳзѳмѳл астында
же коопсуздук нускамалар берилгенде гана
колдоно алышат жана коркунуч келерин
түшүнүшү керек. Балдар шайман менен
ойнобошу зарыл. Кѳзѳмѳл жок балдар
тарабынан тазалоо же колдонуу боюнча
тейлѳѳ жүргүзүлбѳшү керек.
УРУКСАТ БЕРИЛГЕН КОЛДОНУУ
ЭСКЕРТҮҮ: Шайман тышкы өчүрүү
тутумдар, таймер же ѳзүнчѳ пульт тутум
сыяктуулар менен башкарууга жасалган
эмес.
Шайман үйдүн ичинде жана
ушул сыяктуу тѳмѳнкүлѳргѳ колдонууга
жасалган: дүкөндөрдүн, кеңселердин
жана башка жумуш чөйрөлөрдүн
ичинде кызматкерлерге арналган ашкана
аймактарында; чарба үйлөрүндө; кардарлар
аркылуу мейманкаларда, мотельдерде жана
башка турак жай чөйрөлөрүндө.
Бул шайман, профессионалдык
колдонууга эмес. Шайманды сыртта
колдонбоңуз.
Бул шараптарды сактоо үчүн гана арналган
шайман. Бөтолколөрду таңгагысыз, кутулар
же коробкалардын ичинде сактабаңыз.
Сактоо өлчөмү "Шарап бөтөлкөлөрүн
сактоо" бөлүмүндө көрсөтүлгөн.
Шаймандын ичинде колдонулган лампа
атайын үйдѳ колдонулуучу шаймандаргы
даярдалган жана жалпысынан үйдүн ичинде
бѳлмѳгѳ жарык берүүгѳ жарактуу эмес (EC
нускамасы 244/2009).
Климаттык класс боюнча техникалык
маалыматтар тактасында ылайык шайман
тѳмѳнкү деңгээлдеги температурадагы
жерлерде колдонууга даярдалган.
Белгиленген деӊгээлден ашкан
температурада кѳп убакытка чейин калып
калса, шайман туура эмес иштеши мүмкүн.
Климаттык класстын айланадагы
температуралары:
SN: 10°C баштап 32°C чейин; N: 16°C
баштап 32°C чейин;
ST: 16°C баштап 38°C чейин; T: 16°C
баштап 43°C чейин;
Бул шайман үзгүлтүксүз диаграмма
функциясын камтыбайт.
Хладагенттин айлампа контуру
R600a (HC) камтыйт. Курамында
изобутан бар шаймандар (R600a):
изобутан айлана чѳйрѳгѳ зыян
келтирбеген табигый газ болуп
саналат, бирок тез ѳрт алуучу
зат. Ошондуктан, хладагенттин
контурунун түтүкчѳлѳрүнѳ зыян
келтирилбегендигин аныктоо зарыл,
хладагенттин контурун бошотуп
жатканда.
ЭСКЕРТҮҮ : Хладагенттин контурунун
түтүкчѳлѳрүнѳ зыян келтирбеңиз.
ЭСКЕРТҮҮ : Желдетүү тешигин, шайман
тосмосун же орнотулган тутумду толтурбай
кармоо керек.
ЭСКЕРТҮҮ : Ѳндүрүүчү тарабынан
сунушталган заттардан башка механикалык,
электрдик же химиялык заттарды тоӊдуруу
процессин ылдамдатуу үчүн колдонбоӊуз.
ЭСКЕРТҮҮ : Ѳндүрүүчү тарабынан
уруксат берилбеген электрдик аппаратарды
шаймандын бѳлүмдѳрүн ичине салбаӊыз же
колдонбоӊуз.
Шаймандын ичине же жанына аэрозоль
банкалары сыяктуу жарылуучу же бензин
же башка тез ѳрт алуучу материалдарды
койбоңуз.
Сынган кутулар тезирээк
алмаштырылышы керек.
Шараптын салгычтары шараптын
ботолкөлөрүн гана сактоо үчун колдонулушу
керек. Анын ичинде азык сакталбашы керек.
Изоляциялоо көбүгүндө үйлөөчү агент
катары пентафторэтан колдонулган
жана бул дүрт этүүчү газ болуп
саналат.
ОРНОТУУ
Шайман эки же кѳп адамдар тарабынан
кѳтѳрүлүшү жана орнотулушу зарыл -
жаракат коркунучу. Таңгактан чыгарууга

Summary of content (4 pages)